# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 498-б (Имараттарды жана курулмаларды өткөрүп берүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 498-б (Имараттарды жана курулмаларды өткөрүп берүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 498-р
- Кабыл алынган күнү: 24.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/309050>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18986/edition/526671/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/309050.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 498-б (Имараттарды жана курулмаларды өткөрүп берүү тууралуу) буйругу (24.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/309050

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 24-октябры № 498-б "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин балансына Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айылындагы Жол-эксплуатациялык ишканасынын имаратын жана курулмаларын жалпы аянты 0,8 га талапташ аймактары менен белгиленген тартипте акысыз өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имараттарды жана курулмаларды кабыл алуу-өткөрүүнү белгиленген тартипте жүргүзсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укук тартибин жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө. Бабанов
