# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-октябрындагы № 494-б (Кыргыз Республикасындагы Федералдык миграция кызматынын (Россия Федерациясы) өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-октябрындагы № 494-б (Кыргыз Республикасындагы Федералдык миграция кызматынын (Россия Федерациясы) өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 494-р
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/309045>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18981/edition/526601/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/309045.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-октябрындагы № 494-б (Кыргыз Республикасындагы Федералдык миграция кызматынын (Россия Федерациясы) өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) буйругу (21.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/309045

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 21-октябры № 494-б

1. Кыргыз Республикасындагы Федералдык миграция кызматынын (Россия Федерациясы) өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрине жогоруда аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө. Бабанов

Долбоор

Кыргыз Республикасындагы Федералдык миграция кызматынын (Россия Федерациясы) өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү эки мамлекеттин кызматташуусун андан ары өнүктүрүү максатында миграция жаатында өнөктөштүк кызматташуу жолу менен мамилелерди тереңдетүүнү каалап, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-берене

Федералдык миграция кызматы (Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасында өзүнүн өкүлчүлүгүн (мындан ары - Россиянын ФМК өкүлчүлүгү) уюштурат, анын жайгашкан орду Бишкек шаарында болот. Өз ара урматтоонун негизинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин миграция жаатындагы компетенттүү органы Россия Федерациясында өзүнүн өкүлчүлүгүн Москва шаарында жайгашуу орду менен уюштура алат. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин миграция жаатындагы компетенттүү органынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу өзүнчө макулдашуунун предмети болуп саналат.

2-берене

Россиянын ФМК өкүлчүлүгүнүн жетекчиси жана анын орун басары (орун басарлары) эл аралык укук боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн дипломатиялык персоналынын мүчөлөрүнө белгиленген артыкчылыктардан жана иммунитеттен пайдаланышат. Россиянын ФМК өкүлчүлүгүнүн кызматтык жайлары, анын мүлкү, архиви, документтери жана кат кабарлары, ошондой эле анын персоналдарынын турак жайлары эл аралык укук боюнча дипломатиялык жайлары, мүлкү, архиви, документтери жана кат кабарлары жана алардын дипломатиялык кызматкерлеринин жеке резиденцияларына белгиленген артыкчылыктардан жана иммунитеттен пайдаланышат. Россиянын ФМК өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактын укугун пайдаланат.

3-берене

Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын башка шаарларында Россиянын ФМК өкүлчүлүгүнүн бөлүмдөрү ачылышы мүмкүн. Россиянын ФМК өкүлчүлүгүнүн бөлүмдөрүн ачуу Тараптар түзгөн өзүнчө протоколдор менен таризделет.

4-берене

Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга карата талаш маселелерди Тараптар консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет.

5-берене

Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун 6-беренесинде аныкталган тартипте күчүнө кирет.

6-берене

Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып күчүнө кирет жана аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт. Бул Макулдашуу өзүнүн колдонулушун Тараптардын бири экинчи Тараптан анын колдонулушун токтотууга ниеттенгендиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин токтотот.

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_шаарында 201\_\_\_-жылдын «\_\_\_\_»\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ эки нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, эки текст тең бирдей күчкө ээ.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн

Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн
