# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-октябрындагы № 480-б (Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 6-8-апрелинде Талас областындагы окуялардын катышуучуларына эстелик орнотуу үчүн атайын эсептен акча каражатын бөлүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-октябрындагы № 480-б (Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 6-8-апрелинде Талас областындагы окуялардын катышуучуларына эстелик орнотуу үчүн атайын эсептен акча каражатын бөлүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 480-р
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/309038>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18974/edition/528174/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/309038.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-октябрындагы № 480-б (Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 6-8-апрелинде Талас областындагы окуялардын катышуучуларына эстелик орнотуу үчүн атайын эсептен акча каражатын бөлүү тууралуу) буйругу (13.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/309038

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 13-октябры № 480-б Кыргыз Республикасынын Президентинин «2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө» 2011-жылдын 21-февралындагы ПЖ №39 Жарлыгы менен бекитилген «2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча Мамлекеттик комиссия жөнүндө Жобого» (мындан ары-Мамлекеттик комиссия), жана Мамлекеттик комиссиянын 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 22 чечимине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2010-жылдын 6-8-апрелинде Талас областындагы окуялардын катышуучуларына эстелик орнотуу үчүн атайын эсептен 2 000 000 (эки миллион) сом бөлсүн.

2. Мамлекеттик комиссия 2010-жылдын 6-8-апрелинде Талас областындагы окуялардын катышуучуларына эстелик орнотуу боюнча ишти уюштурсун.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө. Бабанов
