Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Талас областындагы окуялардын катышуучуларына эстелик орнотуу үчүн атайын эсептен акча каражатын бөлүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 13-октябры № 480-б Кыргыз Республикасынын Президентинин «2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө» 2011-жылдын 21-февралындагы ПЖ №39 Жарлыгы менен бекитилген «2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча Мамлекеттик комиссия жөнүндө Жобого» (мындан ары-Мамлекеттик комиссия), жана Мамлекеттик комиссиянын 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 22 чечимине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2010-жылдын 6-8-апрелинде Талас областындагы окуялардын катышуучуларына эстелик орнотуу үчүн атайын эсептен 2 000 000 (эки миллион) сом бөлсүн.
2. Мамлекеттик комиссия 2010-жылдын 6-8-апрелинде Талас областындагы окуялардын катышуучуларына эстелик орнотуу боюнча ишти уюштурсун.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө. Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.