# 3-статья

- Документ: [О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/308)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/308/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-294/edition/768975/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/308/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, 3-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/308/st-3

---

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси күчүнө кирген күндөн тартып төмөндөгүлөр белгиленсин:

- 2000-жылдын 1-январына чейин келип түшкөн жана биринчи, апелляциялык жана көзөмөл инстанцияларында каралып жаткан иштер кийинки өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен 1965-жылдын 1-январынан тартып колдонулуп келген Граждандык-процессуалдык кодекске ылайык каралууга тийиш;

- 2000-жылдын 1-январына чейин келип түшкөн жана биринчи, апелляциялык жана көзөмөл инстанцияларында каралбаган иштер ушул Мыйзам менен колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык каралууга тийиш;

- биринчи инстанциядагы сотко 2000-жылдын 1-январынан кийин келип түшкөн даттануулар жана сунуштар ушул Мыйзам менен колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык каралууга тийиш;

- 2000-жылдын 1- январынан кийин апелляциялык инстанциядагы сотторго келип түшкөн апелляциялык даттануулар жана сунуштар, ошондой эле көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна келип түшкөн даттануулар жана сунуштар ушул Мыйзам менен колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык каралууга тийиш;

- биринчи инстанциядагы соттун 2000-жылдын 1-январына чейин чыгарылган, бирок даттанылбаган, мыйзамдуу күчүнө кирүү мөөнөтү 2000-жылдын 1-январына карата же андан кийин келген чечимдерине ушул Мыйзам менен колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 316-статьясында белгиленген мөөнөттө даттанууга же аларга карата апелляциялык инстанцияга сунуш киргизүүгө болот;

- көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттануу жана сунуш киргизүү мөөнөтү ушул Мыйзам менен колдонууга киргизилген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 344-статьясына ылайык эсептелет.

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/308/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/308/st-4)
