Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги жөнүндө Жобо»Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген
2007-жылдын
6-апрелиндеги № 100
токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын
Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги жөнүндө
Жобо
(Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2008-жылдын 23-июлу № 398,
2009-жылдын 1-сентябрындагы N 551 токтомунун редакциясыяларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги
(мындан ары - Министрлик) экономикалык өнүгүү, тышкы экономикалык жана тышкы
соода ишмердүүлүк, инвестицияларды тартуу, техникалык жөнгө салуу, ишкердикти
өнүктүрүү жана колдоо, эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү тармагында
бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну жүргүзгөн
аткаруу бийлигинин борбордук органы болуп саналат.
Министрлик анын карамагында болгон Экономикалык стратегиялар борборунун
ишмердүүлүктөрүнө координация жана көзөмөл жүргүзөт.
2. Министрлик өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик
укуктук актыларын, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин
жана нормаларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
күчүнө кирген, эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке
алат.
3. Министрлик өз ишмердигин аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар
менен өз ара карым-катнашта жүзөгө ашырат.
4. Министрлик юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана өз аталышы мамлекеттик, расмий жана англис
тилдеринде жазылган мөөрү болот. Министрлик өз атынан жарандык-укуктук
мамилелерди жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде мамлекеттин
атынан жарандык-укуктук мамилелер тарабы катары чыгууга укуктуу.
II. Министрликтин милдеттери
5. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн бирдиктүү мамлекеттик
стратегиясын аныктоо;
- экономиканын түзүмүн өркүндөтүү жана анын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу;
- бирдиктүү мамлекеттик макроэкономикалык, финансылык, салык жана бажы
саясатын иштеп чыгуу жана жүргүзүү;
- региондук өнүгүүнүн келечектүү багыттарын иштеп чыгуу процессин
координациялоо жана ишке ашырууга катышуу;
- тышкы экономикалык жана тышкы соода иш-аракетин өнүктүрүү, тышкы
рынокторго ата мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү;
- чарбалык иш-аракеттердин бардык катышуучулары үчүн ишкердикти өнүктүрүү
боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, экономикалык
эркиндиктин дењгээлин жогорулатуу;
- техникалык жөнгө салуу тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө
ашыруу;
инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу, долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугун
жогорулатуу, тике инвестицияларды тартуунун натыйжалуу системасын түзүү боюнча
чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- өзгөчө жагдайларда экономиканын туруктуу өнүктүрүү чараларын иштеп чыгуу;
- донорлордун расмий жардамынын чектеринде каражаттарды тартуу жана
колдонуу боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жана ишке ашыруу;
- министрликтердин жана ведомстволордун аталган багыттар боюнча иш-
аракеттерин координациялоо.
III. Министрликтин функциясы
6. Министрлик өз компетенциясынын чегинде төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
6.1 Негизги функциялар:
экономикалык өнүгүү тармагында:
өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын, мамлекеттик
программаларын жана божомолдоолорун иштеп чыгат;
- экономикадагы түзүмдүк жана администрациялык өзгөртүп түзүү маселелери
боюнча аналитикалык материалдарды жана сунуштарды даярдайт;
- республиканын финансылык-экономикалык абалына жана анын социалдык-
экономикалык өнүгүү тенденциясына талдоо жүргүзөт,
экономиканын өнүгүүсүндөгү диспропорцияны табат жана аларды четтетүү
жолун аныктайт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик
администрациялар менен бирдикте социалдык-экономикалык, жаратылыштык-климаттык,
демографиялык жана экологиялык шарттары кыйла татаал региондорду мамлекеттик
колдоо иш-чараларын иштеп чыгат;
- мамлекеттик инвестициялар Программасын иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- бюджет саясатын экономикалык негиздөөнү жана республикалык бюджеттин
чыгымдарынын айрым бөлүмдөрүн иштеп чыгууга катышат (өнүктүрүү бюджети);
- кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте мамлекеттик тышкы
өздөштүрүүнүн жана өнүгүүнүн расмий жардамын тартуу жана жайгаштыруу
чөйрөсүндөгү саясатты жана стратегияны аныктайт жана координациялайт;
- расмий тышкы финансылык, техникалык жардамдын бардык түрлөрүн жана
формаларын эсепке алууну жана талдоону жүргүзөт;
- аткаруу бийлигинин органдары жана чарбакер субьекттер менен бирдикте
салык-бюджеттик, бажы-тарифтик жана тарифтик эмес саясатты иштеп чыгат жана
өзгөртүү боюнча белгиленген тартипте сунуштарды киргизет;
- эркин экономикалык аймактардын түзүлүшү жана иштешине байланыштуу
мамлекеттик саясатты аныктайт жана жүргүзөт;
мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программаларын экономикалык негиздөөнү жана
мүлктүк мамилелер, менчиктештирүү процессинин, мамлекеттик мүлктү башкаруу жана
сарамжалдуу пайдалануу маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды
иштеп чыгууга катышат;
- жумушка орноштуруу, демографиялык өнүгүү, калктын жашоо дењгээлин
жогорулатуу проблемаларын кошкондо, мамлекеттик социалдык саясатты түзүүгө
катышат;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын структурасын талдоого катышат
жана ишкердик иш-аракеттерди жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу
формаларынын, мамлекеттик жана башка ыйгарым укуктуу органдардын функцияларын
кайталоону четтетүү боюнча сунуштарды даярдайт;
- өзүнүн компетенциясынын чектеринде республикада эл аралык финансылык
институттар жана донордук уюмдар менен өз ара аркеттенүүнү ишке ашырат жана
координациялайт;
-республиканын экономикасын мобилизациялык даярдоо тармагында мамлекеттик
саясаттыиштеп чыгат жана жүргүзөт, мобилизация планын түзөт;
тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы соода цшмердиги тармагында:
- Халал" индустриясында бирдиктүү саясатты жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы экономикалык жана соода саясатын
иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- тышкы соода ишмердигин жакшыртуу, кыргыз продукциясынын экспортун өстүрүү
жана кызыктыруу, республиканын экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча
чараларды ишке ашырат;
- тышкы экономикалык байланыштар жана соода, ишкердикти өнүктүрүү жана
колдоо, инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу, тике инвестицияларды тартуу,
Министрликтин компетенциясына кирген башка чөйрөлөр тармагында иш-чараларды
иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- соода балансына талдоо жана мониторинг жүргүзөт;
- электрондук соода негиздерин иштеп чыгат жана ишке киргизүүнү камсыздайт;
- товар рынокторундагы конъюнктураны изилдейт жана талдоого алат,
экспорттун жана импорттун структурасын өркүндөтүү бөлүгүндө саясатты
координациялайт;
- эл аралык финансылык жана соода-экономикалык уюмдар менен байланыш түзөт
жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөр үчүн божомолдорду жана сунуштарды даярдайт;
керектөө рыногундагы абалды иликтейт жана товардык ресурстардагы керектөөлөрдү
аныктоо үчүн зарыл болгон продукцияларга суроо-талаптардын божомолдук
эсептөөлөрүн жана талдоосун ишке ашырат;
- рыноктордун конъюнктурасын талдоонун жана маркетингдик изилдөөлөрдүн
негизинде республикада импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган
продукцияларды чыгаруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
республиканын соодасын Көз карандысыз Мамлекеттер шериктештигине катышуучу-
мамлекеттер, алыскы чет өлкөлөр жана региондук бирликтер менен интеграциялоо
боюнча программаларды иштеп чыгат;
- тышкы соода ишмердигин Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) нормаларына жана
эрежелерине, ошондой эле ЕврАзЭС боюнча өнөктөштөр алдындагы милдеттенмелерге
ылайык шайкеш келтирүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- тышкы экономикалык жана соода байланыштары, техникалык жөнгө салуу
маселелери боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды белгиленген
тартипте иштеп чыгат, ушул келишимдер боюнча кыргыз тараптын милдеттенмелерди
аткарышын камсыздайт жана алардан келип чыккан укуктарды жүзөгө ашырат, ошондой
эле келишимдин башка
катышуучуларына жүктөлгөн милдеттенмелердин аткарылышына байкоо жүргүзөт;
- эл аралык келишимдерди түзүү иштерине, эл аралык долбоорлорду жана
программаларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга, ошондой эле Министрликтин
компетенциясына кирген маселелер боюнча чет мамлекеттердин мамлекеттик
органдары, өкмөттүк эмес уюмдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты
жүзөгө ашырууга катышат;
- тышкы экономикалык жана соода байланыштары маселелери боюнча түзүлгөн эл
аралык келишимдердеги милдеттенмелерди аткарууга мониторинг жүргүзөт;
- ички рынокто атаандаштык чөйрөсүнүн абалын эске алуу менен жана Кыргыз
Республикасынын ички рыногун ак ниет эмес атаандаштыктан коргоо максатында
тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун (анын ичинде бажы тарифтеринин
ставкаларын өзгөртүү боюнча) тиешелүү методдорун жана чараларын колдонуу боюнча
сунуштарды иштеп чыгат;
- тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салууну кошкондо ички рынокту коргоого
сунуш кылынган чаралардын атаандаштык үчүн натыйжаларына баа берет;
- Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо боюнча демпингге каршы
териштирүүлөргө жана жол-жоболорго катышат;
- эл аралык атаандаштык процессинде Кыргыз Республикасынын экономикалык
кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылат;
- өкмөттөр аралык комиссияларды түзүү боюнча белгиленген тартипте
сунуштарды киргизет, алар кабыл алган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
- Министрликке, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жана Кыргыз
Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине бекитилген чет өлкөлөр менен
өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиялардын катчылыгынын функциясын
аткарат;
- чет мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыкты камсыздайт;
- экспорттук көзөмөл тармагындагы чараларды жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды жана кызмат
көрсөтүүлөрдү экспорттоого жана импорттоого лицензиялардын жана квоталардын
бардык түрүн жана лицензиялардын башка түрүн берет;
ишкердик тармагында:
- ишкердикти өнүктүрүү жана колдоо жагындагы чараларды ишке ашырат;
- мамлекеттик жөнгө салуу саясатын иштеп чыгууга жана уруксат берүүчү-
жөнгө салуу системасын оптималдаштырууга катышат;
- ишкердик чөйрөсүн талдоонун негизинде улуттук, ошондой эле эл аралык
дењгээлдерде ишкердик саясатын жүзөгө ашырууга жањы урунттуу
мамилелерди түзөт, ошондой эле ишкердикти өнүктүрүүнүн орто мөөнөттөгү
программаларын жана аны аткаруу боюнча чараларды иштеп чыгат;
экономиканы дерегуляциялоонун мамлекеттик саясатынын алкагында Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына нормативдик актылардын долбоорлорунун ылайык
келишине жана ишкердик чөйрөнү начарлатуучу нормаларды аныктоо максатында
экспертиза жүргүзөт;
- ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү инфраструктурасын түзүүгө, ишкердикти
өнүктүрүү үчүн бизнес-борборлорду, бизнес-инкубаторлорду, консультациялык,
аудитордук жана юридикалык кызматтарды түзүүгө көмөктөшөт;
- уруксат берүүчү документтерди алуу тартибин жөнөкөйлөтүү жана алардын
санын азайтуу боюнча белгиленген тартипте сунуштарды киргизет;
- инвестицияларды тартуу тармагында:
- экономиканы өнүктүрүү артыкчылыгын эске алуу менен инвестициялар
тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- эл аралык финансылык жана экономикалык уюмдардын жана донор өлкөлөрдүн
финансылык жана техникалык жардамын тартуунун жана пайдалануунун артыкчылыктуу
багыттарын аныктайт;
экономика секторлору жана региондор боюнча тике инвестицияларды тартууга талдоо
жана мониторинг жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча чаралардын
комплексин иштеп чыгат жана кызыкдар мамлекеттик башкаруу органдары менен
бирдикте тике инвестицияларды тартуунун негизги багыттарын жана артыкчылыгын
аныктайт, инвесторлорду колдоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга катышат;
- кызыкдар аткаруу бийлигинин органдары менен бирдикте белгиленген тартипте
инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууларды даярдайт жана
түзөт;
-инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзөт, аларга экспертиза жана алга
жылдырууну ишке ашырат;
- өлкөнүн экономикасына түз инвестицияларды жана капиталдарды тартуу
маселеси боюнча чет өлкөлүк, эл аралык финансылык институттар жана потенциалдуу
инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
-чет элдик түз инвестицияларды тартуу маселелерин жөнгө салуучу укуктук-
ченемдик актылардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
техникалык жөнгө салуу тармагында::
- техникалык регламенттерди даярдоо, кабыл алуу, колдонуу жана кайра карап
чыгуу боюнча иштерди уюштурууну камсыз кылат;
- «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу негиздери тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын принциптерине жана максаттарына ылайык
келтирүү максатында милдеттүү талаптарды жана мамлекеттик көзөмөл менен
контролдоо жол-жоболорун белгилеген Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук
актыларына инвентаризация жүргүзүү боюнча иштерди уюштурат;
- техникалык жөнгө салуу тармагында Кыргыз Республикасынын маалымат
системасын түзөт жана анын иштешин камсыздайт;
- аккредитацияланган органдардан башка ылайык келүүнү баалоо боюнча шайкеш
келүүнү милдеттүү ырастоо органдарынын жыйынтыктарынын мамлекеттик реестрин
жүргүзөт;
- мамлекет-жеке өнөктөштүгү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп
чыгат жана ишке ашырат;
- эксперттик комиссиялардын жеке курамын бекитет жана алардын ишмердүүлүгүн
камсыздайт;
- техникалык жөнгө салуу жаатында эл аралык кызматташууну өнүктүрүү боюнча
сунуштарды даярдайт;
- техникалык жөнгө салуу тармагында министрликтер жана ведомстволор,
ошондой эле башка уюмдардын ортосунда иш милдеттерин чектөө боюнча сунуштарды даярдайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча жана санитардык, фитосанитардык
чараларды колдонуу боюнча ДСУнун макулдашууларына ылайык Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылат. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы N 551 токтомунун редакциясына ылайык)
6.2 Координациялоо жана көзөмөлдөө функциясы:
- экономиканы комплекстүү өнүктүрүү, жањы индустрияларды өнүктүрүү жана түзүү
боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну координациялайт; экономиканы комплекстүү өнүктүрүү жана мамлекеттик социалдык-экономикалык программаларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракетин координациялайт;
- экономиканын структурасын жакшыртуучу чараларды иштеп чыгууну жана ишке
ашырууну координациялайт;
- тышкы соода чөйрөсүндө жана көргөзмө-жармањкелик иш-аракетте аткаруу
бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иш- аракетин координациялайт;
- экспорттук көзөмөлдөө чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын иш-аракетин
координациялайт;
- товарлардын демпингдик жана субсидияланган импортуна көзөмөлдөө жүргүзөт;
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү соода өкүлчүлүктөрүнүн иш-аракетин координациялайт;
- эркин экономикалык, бажы, соода жана башка аймактар жаатында мамлекеттик
саясатты өркүндөтүү боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун иштерин координациялайт, Министрликтин компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча алардын иш-аракетине мониторинг жүргүзөт;
- ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясатты жана
программаларды ишке ашырууга катышкан Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын жана башкы түзүмдөрдүн иш-аракетин координациялайт;
- Кыргыз Республикасында товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө штрихтик код
системасын киргизүү боюнча иштерди координациялайт;
- техникалык жөнгө салуу системасындагы органдардын иш-аракетин
координациялайт;
- уруксат берүүчү система маселеси боюнча мамлекеттик органдардын иш-
аракетин координициялайт; ишкердик субьекттеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүү предметине мамлекеттик көзөмөлдөө органдары тарабынан аларга белгиленген тартипте текшерүүлөрдү жүргүзүүнү макулдашат;
- мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функциясына жана алардын бизнес
чөйрөсүн өнүктүрүүгө таасир этишине мониторинг жүргүзөт;
- мамлекеттик көзөмөлдөө органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген текшерүүлөрдү жүргүзүүдө тартип бузууларды четтетүү жөнүндө белгиленген тартипте көрсөтмөлөрдү берет;
- техникалык жөнгө салуу принциптерин бузууну жоюу, ошондой эле бул
функциялардын кайталанышына жол бербөө максатында ылайык келүүгө баа берүү жаатында милдеттүү талаптарды жана функцияларды белгилеген Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын талдоо боюнча ишмердикти координациялайт;
- аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын,
илимий мекемелердин, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштарынын негизинде жыл сайын программаны түзүүнүн жардамы менен техникалык регламенттерди иштеп чыгуу боюнча ишмердикти координациялайт жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берет.
6.3 Кызмат көрсөтүүглөр функциясы:
- Министрликтин карамагындагы маселелер боюнча экономиканын чарбакер
субьекттерине маалыматтык-консультациялык көмөктөшүүнү камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекекттик органдарынын
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматка жетүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык Министрликтин карамагындагыларга маалымат берет;
- илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, форумдарды өткөрөт;
- жармањкелерди, товарлардын көргөзмөлөрүн уюштурууга көмөктөшөт;
- билдирүүлөр жана түзүлгөн келишимдер (контрактар) боюнча баа маалыматын
берет;
- Кыргыз Республикасында ишкердик иш-аракетти жүргүзүү үчүн укук жана
ыйгарым укук берүүчү инвесторлорго бардык макулдашылган, уруксат берилген жана башка документтерди алууга, инвесторлорго зарыл маалыматтык, консультациялык жана администрациялык колдоо көрсөтүүгө көмөктөшөт;
- инвестициялык долбоорлорго талдоо, экспертиза жана тандоо жүргүзөт,
аларды илгерилетүүнү уюштурат;
- жеке жана юридикалык жактардын арыздарын, даттанууларын, кайрылууларын
карайт.
IV. Министрликтин укуктары
7. Министрлик иш-аракеттердин белгиленген чөйрөсүндө функцияларды ишке
ашыруу максатында төмөндөгүлөргө укуктуу:
- Министрликтин иш-аракет чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги
багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп
чыгууга жана Министрликтин иш-аракетинин маселелерине карата ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Министрликтин иш-аракетинин чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы башка
мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен түзгөн эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбеген аткаруу бийлигинин
жана өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин жокко чыгаруу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын атынан эки тараптуу же көп
тараптуу макулдашууларга жана келишимдерге, ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдар менен макулдашууларга жана келишимдерге кол коюуга;
- Министрликтин иш-аракет чөйрөсүнө тийиштүү маалыматты белгиленген
тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдарынан жана ишканаларынан, кызмат адамдарынан жана жарандарынан суроого жана алууга;
- тышкы экономикалык байланыштар маселелер боюнча материалдарды даярдоого,
Кыргыз Республикасында жана чет өлкөдөгү эл аралык институттардын, экспорттук топтордун, ведомстволор аралык комиссиялардын, конференциялардын, кењешмелердин иштерине катышууга;
- Министрликтин иш-аракет чөйрөсүндө координациялоочу жана кењеш берүүчү,
анын ичинде ведомстволор аралык органдарды (кењештерди, комиссияларды, топторду) түзүүгө;
- ДСУ маселелери, КНСти кайтаруу жана башка маселелер боюнча Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ведомстволор аралык комиссиянын иштерин уюштурууга;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча комиссияларда,
атайын жумушчу топтордо, ошондой эле ведомстволор аралык жана өкмөттөр аралык дењгээлдеги иштерге катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде мамлекеттик ишканалар сөзсүз
түрдө аткара турган көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде Министрликтин карамагына тийиштүү маселелер
боюнча нормативдик-укуктук актыларды бекитүүгө;
- Министрликтин компетенциясындагы маселелер боюнча мамлекеттер аралык
(региондук) уюмдарда Кыргыз Республикасынын таламын талашууга;
- Министрликтин компетенциясындагы маселелер боюнча башка өлкөлөрдүн
тиешелүү ведомстволору, эл аралык уюмдар жана юридикалык жактар менен кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, эл аралык келишимдерди, макулдашууларды, протоколдорду, меморандумдарды түзүүгө;
- өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилеге кирүүгө, Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарынын чегинде мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга укугу бар;
- Министрликтин компетенциясына кирген иш-аракет чөйрөсүндө мамлекеттик
саясатты жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор- өлкөлөрдүн гранттарын тартууга;
- Министрликтин компетенциясындагы милдеттерди жана иш милдеттерди аткаруу
үчүн чет өлкөлөрдө жана Кыргыз Республикасынын аймагында Министрликтин өкүлдөрүн дайындоого;
- демпингке каршы териштирүүлөрдү, атайын коргоочу, демпингке каршы же
компенсациялык чараларды колдонуу боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүүгө;
- мамлекеттик катышуусу бар мамлекеттик ишканалардын жана уюмдардын иш-
аракетине натыйжалуу талдоо жүргүзүү жана баа берүүгө, белгиленген тартипте сунуш киргизүүгө;
- республиканын социалдык-экономикалык жана өнөр жайлык өнүгүшүнө
байланыштуу айрым долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, илимий- изилдөөчү жана башка мекемелердин өкүлдөрүн, экономиканы өнүктүрүүнүн негизги маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн айрым окумуштууларды жана практик- адистерди тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде акы төлөмө
консультацияларды, маалыматтык-сурап алма жана башка кызматтарды көрсөтүүгө;
- соода өкүлчүлүктөрүн түзүү жана/же башка мамлекеттерде соода өкүлдөрүнө
ээ болуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизүүгө; Министрликтин компетенциясындагы маселелер боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын коллегиясынын ишине катышууга;
- белгиленген иш-аракет чөйрөсүндө башка иш-милдеттерин аткарууга.
V. Министрликтин ишмердигин уюштуруу
8. Министрликти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындоочу Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министри (мындар ары - министр) башкарат.
9. Министрликке жүктөлгөн милдеттерди аткарууда жана ишмердиктин
белгиленген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты турмушка ашырууда министр жеке жоопкерчилик тартат.
10. Министрликте статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат
орду, ошондой эле министрдин эки орунбасарынын кызматы уюштурулган.
11. Статс-катчыны Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу жана министрдин
макулдугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана бошотот. Статс-катчынын иш милдети жана ыйгарым укуктары Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш бекиткен Мамлекеттик органдын статс-катчысы жөнүндө жободо аныкталат. Министр статс- катчыга башка иш милдеттерди жана ыйгарым укуктарды да тапшырышы мүмкүн. Статс- катчы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши менен күндөлүк, учурдагы иштерди жүргүзөт.
12. Министрдин орун басарларын министрдин сунушу боюнча Кыргыз
Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана оошотот.
13. Министр:
- Министрликтин иш-аракетине, анын коллегиясына, борбордук аппаратына,
ведомстволук жана аймактык органдарына жалпы жетекчилик кылат жана Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жооп берет;
- статс-катчынын, министрдин орунбасарларынын ортосунда милдеттерди
бөлүштүрөт;
- белгиленген тартипте Министрликтин борбордук аппаратынын структуралык
бөлүктөрү тууралуу жобону бекитет;
- ведомстволук органдардын жобосун, структурасын жана штаттык расписаниесин
бекитет;
- белгиленген тартипте Министрликтин аймактык органдарынын жобосун,
структурасын жана штаттык расписаниесин бекитет;
- статс-катчыны кызматка дайындоого жана бошотууга макулдук берет;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине министрдин орун басарларын
дайындоого талапкерлерди көрсөтөт;
- белгиленген тартипте Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерин,
Министрликтин аймактык органдарынын жетекчилерин жана жетекчилеринин орун басарларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга сыйлоо жана тартип жазаларын көрөт;
- Министрликке жүктөлгөн иш милдеттерди аткарууга байланыштуу ведомстволук
органдардын жетекчилерин жана орун басарларын белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Министрликтин системасындагы кызматкерлердин милдеттүү түрдө аткарышы
үчүн буйруктарды чыгарат;
- мыйзамдарда аныкталган чектерде Министрликтин мүлкүн жана каражаттарын
тескейт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимдерди түзөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана анын тапшыруусу боюнча эки
тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерге кол коет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшыруусу боюнча өз ыйгарым укугунун
чегинде башка иш милдеттерди аткарат;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте Кыргыз
Республикасынын Премьер-министрине Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине талапкерлер боюнча сунуштарды берет;
- мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
статс-катчынын сунушу боюнча Министрликте, анын ведомстволук жана аймактык органдарында, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода-экономикалык маселелер боюнча өкүлчүлүктөрүндө мамлекеттик кызмат өтөөгө байланыштуу маселелерди чечет;
- белгиленген тартипте Министрликтин кызматкерлерине класстык чиндерди
ыйгарат;
- Министрликтин кызматкерлеринин айлык акысына үстөктөрдү белгилейт;
Министрликтин системасындагы өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарды алууга, ардак наамдарды ыйгарууга жана Кыргыз Республикасына сињирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөөгө көрсөтөт;
- кызмат орду боюнча Министрликтин жарандык коргонуу начальниги болуп
эсептелет жана Министрликте жарандык коргонууга жетекчилик кылат;
- Министрликтин ведомстволук органдарына тапшырмаларды берет жана алардын
аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
- чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби мыйзамдарда белгеленбеген
учурларда, Министрликтин ведомстволук органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга ээ.
14. Статс-катчы жана министрдин орунбасарлары министр тарабынан алардын
ыйгарым укуктарына киргизилген маселелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алышат, өздөрү тейлөөгө алган багыттары боюнча ишти уюштурушат.
15. Министрликте курамына 10 адам: кызматы боюнча кирүүчү министр (төрага),
статс-катчы, министрдин орунбасарлары, Кыргыз Республикасынын Премьер- министринин Аппаратынын өкүлү жана ошондой эле башка мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери кирген коллегия түзүлөт. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы N 551 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Министрдин сунушу боюнча Министрликтин коллегия мүчөлөрүнүн жеке
курамын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.
17. Министрликтин коллегиясы өз заседаниелерињде Министрликке жүктөлгөн
милдеттердин жана функциялардын алкагында маселелерди пландаштырат жана карайт, өз чечимдерин токтом түрүндө ишке ашырат. Коллегиянын чечимдери жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат, добуштардын саны тењ экиге бөлүнүп калган учурда, коллегиянын заседаниесинде төрагачылык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат. Коллегиянын төрагасы жана башка мүчөлөрү ар кандай талкуулануучу маселе жана ал боюнча кабыл алынган чечимге өзгөчө же башка пикирде болушу мүмкүн, бул жөнүндө протоколго жазылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө билдирилет.
18. Министрликтин коллегиясынын жана борбордук аппаратынын, анын
структуралык бөлүмчөлөрүнүн иштерин уюштуруу жана пландоо, күн тартиби, документтердин өтүү жана көзөмөлдөө тартиби жана Министрликтин иш-аракетиндеги башка маселелер Министр бекиткен тийиштүү жоболор менен жөнгө салынат.
19. Министрликтин алдында төмөнкүлөр иштейт:
- Экономикалык стратегиялар борбору;
- Министрликтин аймактык органдары;
- чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү жана соода өкүлдөрү.
Экономикалык стратегиялар борбору өз функцияларын өз алдынча ишке ашырат жана түздөн түз Министрликке баш ийет. Экономикалык стратегиялар борборунун укуктары жана иш-аракетин уюштуруу Министрлик тарабынан бекитилген өзүнчө жоболордо аныкталат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-июнундагы N 249 токтомунун редациясына ылайык)
20. Министрлик илимий-консультациялык жана эксперттик кењештерди түзө алат.
Министрликтин илимий-консультациялык жана эксперттик кењештеринин курамын жана алар жөнүндө жоболорду Министр бекитет. Ушул кењештерди уюштуруу-техникалык камсыздоо Министрлик тарабынан Министрликти күтүү үчүн бөлүнгөн акча каражатынан жана борбордук аппараттын бекитилген кызматчылардын санынын чегинде жүргүзүлөт.
21. Министрликте мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча комиссия иштейт.
22. Борбордук аппараттын структуралык бөлүмчөлөрүнүн, ведомствого караштуу
жана аймактык органдарынын иш-аракетин көзөмөлдөө Министрлик тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
23. Министрлик өз функцияларын түздөн түз жана өзүнүн аймактык органдары
аркылуу ишке ашырат.
24. Министрликтин борбордук аппаратын, ведомстволук жана аймактык
органдарын кармоого чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражатынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактарынан жүргүзүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2007-жылдын 10-майындагы №228 буйругуРаспоряжение · 10.05.2007 · № 228
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Јкмјтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги № 100 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин маселелери жөнүндө" ТоктомуПостановление · 06.04.2007 · № 100
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-июнундагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода" министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз…Постановление · 28.06.2007 · № 249
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 25.12.2014 · № 163
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндөЗакон · 28.12.2006 · № 213 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67
- Кыргыз Республикасынын Экономик алык өнүгүү жана соода министрлигинин 2009 жылдын 06 августунун буйругуПриказ · 06.08.2007 · № 108 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык Өнүгүү жана соода министрлигинин 2009 жылдын 8 июнундагы буйругуПриказ · 08.06.2009 · № 106 · Күчүн жоготкон