# 26-статья. Өтмө жоболор

- Документ: [Фирмалык аталыштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/307)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 23-декабрындагы № 145 "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 23.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.07.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 июля 2016 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)") и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111412)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2006 года № 131 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"](https://aqlex.ai/kg/doc/1922)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/307#diff=730273..730274>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/307/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-293/edition/730272/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/307/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Фирмалык аталыштар жөнүндө, 26-статья (23.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/307/st-26

---

Юридикалык жактардын ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ушундай катталган фирмалык аталыштары ишмердүүлүктүн теңдеш же окшош түрлөрүнө карата укуктук коргоого ээ болушат. Мындай фирмалык аталыштарга карата өзгөчө укук (ээлик кылуу, фирмалык аталышты пайдалануу жана тескөө, ошондой эле аны башка жактардын пайдалануусуна тыюу салуу) айырмалоочу белгилемелерди кошуу шартында пайда болушу мүмкүн. Коммерциялык эмес уюмдар өзүнүн аталышына өзгөчө укукту ушул Мыйзамда каралган тартипте алууга укуктуу. Мында өтүнмө юстиция органдарында каттоодон өткөндөн кийин Кыргызпатентке берилиши мүмкүн. Коммерциялык эмес уюмдун аталышы корголууга жөндөмсүз деп табылган учурда, Кыргызпатент каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат, мында ал аталышка өзгөчө укук келип чыкпайт. (КР 2006-жылдын 27-июлундагы № 131, 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/307/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/307/st-27)
