# 2-статья. Интеллектуалдык менчик жаатындагы мамлекеттик орган

- Документ: [Фирмалык аталыштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/307)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 23-декабрындагы № 145 "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 23.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.07.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 июля 2016 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)") и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111412)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 января 2014 года № 19 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"](https://aqlex.ai/kg/doc/205240)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.01.2014 [Закон КР от 27 января 2014 года № 19 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"](https://aqlex.ai/kg/doc/205240); 27.02.2003 [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/307#diff=730274..730275>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/307/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-293/edition/730272/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/307/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Фирмалык аталыштар жөнүндө, 2-статья (23.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/307/st-2

---

Интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - Кыргызпатент ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасында фирмалык аталыштарды коргоо жагын мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу орган болуп эсептелет. Кыргызпатент фирмалык аталыштарды каттоо боюнча өтүнмөлөрдү кароого кабыл алат, алар боюнча экспертиза жүргүзөт, аларды мамлекеттик каттоодон өткөрөт, күбөлүктөрдү берет, расмий маалыматтарды жарыялайт, ушул Мыйзамды аткаруу боюнча өз компетенциясынын чегинде актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен фирмалык аталыштарга байланыштуу, анын эрежелерине ылайык башка кызматтарды аткарат. Кыргызпатенттин ишин өркүндөтүү максатында, фирмалык аталыштарды укуктук коргоо боюнча Кыргызпатенттин алдында Апелляциялык кеңеш иштейт, ал фирмалык аталыштар боюнча келип чыккан талаштарды кароо боюнча милдеттүү баштапкы орган болуп саналат. Апелляциялык кеңеш тарабынан каршы пикирлерди кароонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/307/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/307/st-3)
