# 10-статья. Билдирме материалдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

- Документ: [Фирмалык аталыштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/307)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 23-декабрындагы № 145 "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 23.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.07.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 июля 2016 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)") и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111412)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/307/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-293/edition/730272/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/307/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Фирмалык аталыштар жөнүндө, 10-статья (23.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/307/st-10

---

Өтүнмө боюнча чечим кабыл алганга чейин өтүнмө ээси фирмалык аталыштарды каттоого өтүнмөнүн материалдарына толуктоолорду, оңдоолорду жана тактоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч кат берүүгө укуктуу. Эгерде фирмалык аталышты каттоого өтүнмөнүн материалдарына киргизилген толуктоолор, оңдоолор жана тактоолор анын маңызын өзгөртсө, анда ушул Мыйзамдын 8-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган артыкчылык жана ушул Мыйзамдын 9-статьясынын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй эсептөө мөөнөтү андай өтүнүч кат келип түшкөн дата боюнча аныкталат. Өтүнмөнүн материалдарына толуктоолорду, оңдоолорду жана тактоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч катты берүүдө алым төлөнүүгө тийиш, ал эми ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган учурда, фирмалык аталышка жаңыдан экспертиза жүргүзүү үчүн кошумча алым төлөнөт. (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/307/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/307/st-11)
