# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 27-октябрындагы № 173 "2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарын акредиттөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 27-октябрындагы № 173 "2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарын акредиттөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/30607>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2118/edition/840296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/30607.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 27-октябрындагы № 173 "2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарын акредиттөө жөнүндө" токтому (27.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/30607

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 27-октябры № 173 2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарын акредиттөө жөнүндө Акредиттөөгө массалык маалымат каражаттары берген документтерди карап чыккан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топтун сунуштарынын негизинде, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-пунктун, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 21-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 1-тиркемеде көрсөтүлгөн массалык маалымдоо каражаттары акредиттелсин.

2. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 20-пунктунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 151 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө массалык маалымат каражаттарын акредиттештирүү жөнүндө" жобосунун 2-пунктунун талаптарын аткарбагандыгы үчүн 2-тиркемеде көрсөтүлгөн массалык маалымат каражаттарын акредиттөөдөн баш тартылсын.

3. "2016-жылда жергиликтүү кеңешине депутаттарды шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын интернет-басылмаларынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандумга" кол койгон интернет-басылмалар жөнүндө маалымат эске алынсын (3-тиркеме).

3. Бул токтом Эркин-Тоо газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Н.Ариповго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
