# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 25-октябрындагы № 171 "2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 25-октябрындагы № 171 "2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 171
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/30606>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2117/edition/840188/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/30606.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 25-октябрындагы № 171 "2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө" токтому (25.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/30606

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 25-октябры № 171 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө Шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары боюнча Бишкек, Баткен облусунун Баткен шаардык, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Баткен, Кадамжай жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын; Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокат, Сузак, Токтогул, Тогуз-Торо жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын; Нарын облусунун Нарын шаардык, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор жана Нарын; Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын; Талас облусунун Талас шаардык, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын; Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын; Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Түп жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы ПЖ № 213 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча тиркемеде көрсөтүлгөн шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
