# Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 1-сентябрындагы, № 400 ""Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 1-сентябрындагы, № 400 ""Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 400
- Кабыл алынган күнү: 01.09.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.09.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/30566>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-3041/edition/1154448/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/30566.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.09.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 1-сентябрындагы, № 400 ""Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому (01.09.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/30566

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 1-сентябры N 400

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду

киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев

тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине

толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору-

на тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешине

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду

киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Рес-

публикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасы-

нын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктун жетекчиликке алуу менен

аны кабыл алуу төмөнкүдөй негиздер боюнча максатка ылайыксыз деп эсеп-

тейт.

Кошумча наркка салык сатып алынган материалдык ресурстар үчүн

төлөнгөн же төлөөгө тийиш болгон КНСтин суммасын эсеп кылуу системасы-

нын аркасында каскаддык салык салуудан четтөөгө мүмкүндүк берүүчү рынок

салыгы болуп саналат. Бул система жењилдиктер жана бошотуулар жок учур-

да натыйжалуу иштейт. КНС боюнча жењилдиктерди берүү жалпысынан КНС

алуу системасын бүлгүнгө учуратат жана аны башкарууну татаалдаштырат.

Ошондуктан КНСти башкарууну өркүндөтүүнүн негизги багыты берүүлөрдүн

айрым категориялары боюнча жењилдиктерди кыскартуу болуп саналат.

Мындан тышкары сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору Кыргыз Респуб-

ликасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2001-жылдын 26-ию-

нундагы З N 410-П токтому жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2001-жылдын 29-майындагы N 255 токтому менен жактырылган 2001-2010-жыл-

дарга Кыргыз Республикасынын салык саясатын өркүндөтүүнүн колдонуудагы

концепциясынын жоболоруна каршы келет.

Азыркы убакта орто мөөнөттүү перспективага салык реформасынын жањы

Концепциясын иштеп чыгуу иштери жүрүүдө, анда бул салыктын ставкаларын

бир эле учурда төмөндөтүү менен КНС боюнча колдонуудагы бошотууларды

болушунча жоюу маселеси каралат.

Мындан тышкары фискалдык саясат жагындагы реформа узак убакыттан

бери МВФ жана башка эл аралык финансылык донорлордун активдүү көмөгүндө

жана алар менен макулдашуулардын чектеринде жүргүзүлүп келаткандыгын

белгилейбиз.

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине Кыргыз Рес-

публикасынын Салык кодексинин жањы редакциясынын долбоору киргизилген-

дигин белгилей кетүү керек.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү

максатка ылайыксыз деп эсептейт.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов
