Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Окмотунун «»Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-09-01.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 1-сентябры N 400
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду
киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев
тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору-
на тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду
киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Рес-
публикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасы-
нын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктун жетекчиликке алуу менен
аны кабыл алуу төмөнкүдөй негиздер боюнча максатка ылайыксыз деп эсеп-
тейт.
Кошумча наркка салык сатып алынган материалдык ресурстар үчүн
төлөнгөн же төлөөгө тийиш болгон КНСтин суммасын эсеп кылуу системасы-
нын аркасында каскаддык салык салуудан четтөөгө мүмкүндүк берүүчү рынок
салыгы болуп саналат. Бул система жењилдиктер жана бошотуулар жок учур-
да натыйжалуу иштейт. КНС боюнча жењилдиктерди берүү жалпысынан КНС
алуу системасын бүлгүнгө учуратат жана аны башкарууну татаалдаштырат.
Ошондуктан КНСти башкарууну өркүндөтүүнүн негизги багыты берүүлөрдүн
айрым категориялары боюнча жењилдиктерди кыскартуу болуп саналат.
Мындан тышкары сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2001-жылдын 26-ию-
нундагы З N 410-П токтому жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 29-майындагы N 255 токтому менен жактырылган 2001-2010-жыл-
дарга Кыргыз Республикасынын салык саясатын өркүндөтүүнүн колдонуудагы
концепциясынын жоболоруна каршы келет.
Азыркы убакта орто мөөнөттүү перспективага салык реформасынын жањы
Концепциясын иштеп чыгуу иштери жүрүүдө, анда бул салыктын ставкаларын
бир эле учурда төмөндөтүү менен КНС боюнча колдонуудагы бошотууларды
болушунча жоюу маселеси каралат.
Мындан тышкары фискалдык саясат жагындагы реформа узак убакыттан
бери МВФ жана башка эл аралык финансылык донорлордун активдүү көмөгүндө
жана алар менен макулдашуулардын чектеринде жүргүзүлүп келаткандыгын
белгилейбиз.
Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине Кыргыз Рес-
публикасынын Салык кодексинин жањы редакциясынын долбоору киргизилген-
дигин белгилей кетүү керек.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү
максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 29 мая 2001 года №255 "О проекте Концепции совершенствования налоговой политики в Кыргызской Республике"Постановление · 29.05.2001 · № 255 · Күчүн жоготкон