# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 21-октябрындагы № 167 "2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 21-октябрындагы № 167 "2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/30555>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2113/edition/840154/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/30555.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 21-октябрындагы № 167 "2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө" токтому (21.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/30555

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 21-октябры № 167 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө Бишкек; Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларындагы, Баткен, Кадамжай жана Лейлек; Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларындагы, Ала-Бука, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Токтогул, Тогуз-Торо жана Чаткал; Нарын облусунун Нарын шаардык, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор; Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай; Талас облусунун Талас шаардык, Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас; Чүй облусунун Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов; Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары боюнча берилген сунуштарынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы ПЖ № 213 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

Төрага

Н. Шайлдабекова
