# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 161 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 161 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/30546>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2108/edition/1017753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/30546.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 161 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому (20.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/30546

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 20-октябры № 161 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө эл аралык шайлоо стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук ылайыктуулукта демократиялык башталыштарды чыңдоо максатында, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22, 28-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жобо бекитилсин.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Ариповго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
