# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 158 "Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" Нускаманы бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 158 "Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" Нускаманы бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/30540>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2105/edition/839821/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/30540.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 158 "Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" Нускаманы бекитүү тууралуу" токтому (20.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/30540

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 20-октябры № 158 "Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" Нускаманы бекитүү тууралуу Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартибин жөнгө салуу максатында, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" Нускама бекитилсин.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
