Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы „Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө“ № 216 токтому менен бекитилген Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 1 августа 2025 года № 49 "Об утверждении Положения об обеспечении избирательных прав граждан отдельных категорий при проведении выборов и референдумов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-08-01.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 49 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 4-июлу № 200 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы "Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө" № 216 токтому менен бекитилген Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 216 токтому менен бекитилген Жобосуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
6.5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
- "Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздардын реестрине добуш берүү күнү шайлоо участкаларында пайдалануу үчүн БШКдан алынган шайлоочулардын акыркы тизмесинде камтылган шайлоочулар гана киргизилет. Реестрдин негизинде участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесин түзөт, аны менен добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүчү шайлоочуларга барат. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесинин формасы добуш берүү күнү шайлоо участокторунда пайдалануу үчүн БШКдан алынган шайлоочулардын акыркы тизмесинде көрсөтүлгөн графаларды камтыйт. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү аяктагандан кийин шайлоочулардын акыркы тизмесине "Өзгөчө белгилер" графасында "Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берди" белгиси коюлат.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 49 "Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым…Постановление · 01.08.2025 · № 49
- Положение об обеспечении избирательных прав граждан отдельных категорий при проведении выборов и референдумов Кыргызской Республики" утвержденное постановлением Центральной…Положение · 17.11.2016 · № 216 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 49 "Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым…Постановление · 01.08.2025 · № 49
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын шайлоолорун жана референдумдарын өткөрүүдө айрым…Постановление · 17.11.2016 · № 216 · Күчүн жоготкон