# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 3-июлундагы № 194 "2017-жылдын 29, 30-июнунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 3-июлундагы № 194 "2017-жылдын 29, 30-июнунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 194
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/30501>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2074/edition/836097/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/30501.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 3-июлундагы № 194 "2017-жылдын 29, 30-июнунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому (03.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/30501

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 3-июлу № 194 2017-жылдын 29, 30-июнунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-июнундагы № 145 токтому менен 2017-жылдын 30-июнуна дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Кемин жана Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарларынын мэрлерин шайлоо, 29-июнуна дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Кемин, Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын Кемин шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаарынын шайланган мэри болуп Досов Соолайбек Содалыевич табылсын.

2. Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

2.1. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын Ноокат шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.2. Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын шайланган мэри болуп Нурдинов Жоомарт Амадалиевич табылсын.

3. Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

3.1. Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

3.2. Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Султанов Салмарбек Курманканович табылсын.

4. Кемин, Ноокат аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдардын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
