# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 30-июнундагы № 192 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн колдонмону бекитүү тууралуу" № 156 токтомунун 2-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 30-июнундагы № 192 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн колдонмону бекитүү тууралуу" № 156 токтомунун 2-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/30497>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2070/edition/836008/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/30497.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 30-июнундагы № 192 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн колдонмону бекитүү тууралуу" № 156 токтомунун 2-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (30.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/30497

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 30-июну № 192 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн колдонмону бекитүү тууралуу" № 156 токтомунун 2-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн колдонмону бекитүү тууралуу" № 156 токтомунун 2-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилсин.

№ 4 тиркеме төмөнкүдөй графалар жана сөздөр менен толукталсын:

1) "Улуту" деген графадан кийин "Башка мамлекеттин жарандыгы (Бар/Жок)", "Кыргыз Республикасында жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашагандыгы (Бар/Жок)" деген графалар коюлсун;

2) "Толтурулган күнү" деген графадан кийин, "Өз колтамгасы" деген сөздөн мурда "Көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын тастыктаймын" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
