# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 31-июлундагы № 302 "2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 31-июлундагы № 302 "2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 302
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/30472>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2045/edition/835772/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/30472.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 31-июлундагы № 302 "2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө" токтому (31.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/30472

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 31-июлу № 302 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө Шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-июнундагы № 177 токтому менен бекитилген "Шайлоо участкаларынын чек араларын башкаруу жөнүндө" Нускаманын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Бишкек шаарынын аймагында кошумча түзүлгөн 27 шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде уюштурулган 37 шайлоо участкаларынын даректери № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 10-августуна чейинки мөөнөттө:

- кошумча түзүлгөн шайлоо участкаларынын участкалык шайлоо комиссияларын түзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде участкалык шайлоо комиссияларын түзсүн.

5. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.С.Жумагуловго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
