Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагынын Сары-Таш айылынын аймагында жаңы шайлоо участканы түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 26-июлу № 283 Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагынын Сары-Таш айылынын аймагында жаңы шайлоо участканы түзүү жөнүндө Шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жаңы шайлоо участкасын түзүү боюнча Араван аймактык шайлоо комиссиясынын берген сунушунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 20-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-июнундагы № 177 токтому менен бекитилген "Шайлоо участкаларынын чек араларын башкаруу жөнүндө" Нускаманы жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Араван районунун Тоо-Моюн айыл аймагынын Сары-Таш айылынын аймагында жаңы № 5568 шайлоо участкасы түзүлсүн.
2. Араван аймактык шайлоо комиссиясы жаңы түзүлгөн шайлоо участкасына участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин мыйзамга ылайык түзсүн.
3. Араван аймактык шайлоо комиссиясы шайлоочулар арасында жаңы түзүлгөн шайлоо участкасы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С.Жумагуловго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-июнундагы № 177 "Шайлоо участкаларынын чек араларын башкаруу жөнүндө"…Постановление · 27.06.2017 · № 177
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68