# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комисиясынын 2017-жылдын 25-июлундагы № 275 "Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагынын Ничке-Суу айылынын аймагында жаңы шайлоо участканы түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комисиясынын 2017-жылдын 25-июлундагы № 275 "Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагынын Ничке-Суу айылынын аймагында жаңы шайлоо участканы түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 275
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/30445>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2019/edition/835531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/30445.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комисиясынын 2017-жылдын 25-июлундагы № 275 "Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагынын Ничке-Суу айылынын аймагында жаңы шайлоо участканы түзүү жөнүндө" токтому (25.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/30445

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 25-июлу № 275 Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагынын Ничке-Суу айылынын аймагында жаңы шайлоо участканы түзүү жөнүндө Шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жаңы шайлоо участкасын түзүү боюнча Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын берген сунушунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 20-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-июнундагы № 177 токтому менен бекитилген "Шайлоо участкаларынын чек араларын башкаруу жөнүндө" Нускаманы жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагынын Ничке-Суу айылынын аймагында жаңы № 5567 шайлоо участкасы түзүлсүн.

2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы жаңы түзүлгөн шайлоо участкасына участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин мыйзамга ылайык түзсүн.

3. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
