# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук мкомиссиясынын 2017-жылдын 25-июлундагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Исхак Абсаматович Масалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө".

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук мкомиссиясынын 2017-жылдын 25-июлундагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Исхак Абсаматович Масалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө".
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 272
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/30442>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2016/edition/835525/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/30442.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук мкомиссиясынын 2017-жылдын 25-июлундагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Исхак Абсаматович Масалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө". (25.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/30442

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 25-июлу № 272 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Исхак Абсаматович Масалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна "Кыргызстан коммунистеринин партиясы" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн талапкер И.А.Масалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1, 2, 3, 4, 5-бөлүктөрүн "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И.А.Масалиевдин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Аникеева Галина Анатольевна катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И.А.Масалиевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Старостина Лариса Александровна катталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И.А.Масалиевдин катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
