# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 18-июлундагы № 249 "Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 18-июлундагы № 249 "Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/30437>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2011/edition/835509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/30437.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 18-июлундагы № 249 "Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө" токтому. (18.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/30437

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-июлу № 249 Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2017-жылдын 20-июлуна дайындалган Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону кийинкиге калтыруу жөнүндө айылдык кеңешинин депутаттарынан кайрылуу келип түшкөн. Кайрылууга ылайык, буга чейин 2017-жылдын 3-июлуна дайындалган Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу болбой калган. Кворумдун жок болгондугунун себептеринин бири болуп Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айылдык кеңешинин депутаты Н.С.Алимовдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана жергиликтүү кеңештин депутатынын мандатын ээлөө маселеси боюнча териштирүүлөр саналат. 2017-жылдын 27-июнунда Араван аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан Н.С.Алимовдун Россия Федерациясынын жарандыгы бар экендиги жөнүндө Ош облусунун ИИБнын катынын негизинде, Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айылдык кеңешинин депутаты Н.С.Алимовдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Аталган чечимге макул болбогон Н.С.Алимов, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 27-июнундагы. Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айылдык кеңешинин депутаты Н.С.Алимовдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө № 23 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызы менен кайрылган. "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айылдык кеңешинин депутаты Н.С.Алимовдун Россия Федерациясынын жарандыгын тактоого көмөк көрсөтүү жөнүндө анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу тиркелген кат жөнөтүлгөн, бирок азыркы убакытка чейин катка жооп келе элек. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2017-жылдын 20-июлуна дайындалган Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүү күнү кийинкиге калтырылсын.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
