# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-майындагы № 114 "Маалыматтык шайлоо системасы жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому.

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-майындагы № 114 "Маалыматтык шайлоо системасы жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/30435>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2010/edition/834644/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/30435.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-майындагы № 114 "Маалыматтык шайлоо системасы жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому. (13.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/30435

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-майы № 114 "Маалыматтык шайлоо системасы жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 8-беренесинин 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Маалыматтык шайлоо системасы жөнүндө" жобо бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери, аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөрү жана системдик администраторлору ушул Жобону аткарууга жана жетекчиликке алышсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабековага жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
