# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-октябрындагы № 494 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 152 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарды жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө" Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-октябрындагы № 494 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 152 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарды жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө" Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 494
- Кабыл алынган күнү: 04.10.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/30427>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2003/edition/832303/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/30427.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-октябрындагы № 494 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 152 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарды жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө" Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому. (15.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/30427

---

КР Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 15-августундагы № 56 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 4-октябры № 494 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 152 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарды жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө" Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 152 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарды жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө" Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Жобонун 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жалпыга маалымдоо каражаты, интернет-басылма жана/же алардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы жазуу жүзүндөгү эскертүүнү чыгарат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бир нече жолу бузган учурда жалпыга маалымдоо каражатынын, интернет-басылманын жана/же алардын өкүлдөрүнүн аккредитациясын кайра чакыртып алууга укуктуу".

2) Жобонун 24-пунктунда "Жобонун талаптарын" деген сөздөрдөн кийин "бир нече жолу" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымдоо жөнүндө маселелер боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
