# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтому.

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/30423>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2001/edition/832264/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/30423.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтому. (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/30423

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 14-июну № 151 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо, алардын конституциялык укуктарын ишке ашырууга, шайлоо эркиндигин сактоого, жарандардын аң-сезимдүү жана шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 1, 2, 2-1-пункттарынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө" Жобо бекитилсин.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
