# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-июну № 145 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-июну № 145 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/30416>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1995/edition/831964/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/30416.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-июну № 145 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому. (13.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/30416

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-июну № 145 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2017-жылдын 6-июнундагы № 201 буйругу менен Камышановка айыл өкмөтүнүн башчысы Я.Асаев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык кеңешинин, Кара-Булак, Кызыл-Октябрь айылдык кеңештеринин; Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаардык кеңешинин; Талас облусунун Талас районунун Жергетал айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиялары өткөрүлгөн. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" жана "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь жана Кара-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 29-июнуна дайындалып, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Чүй облусунун Кемин районунун Кемин жана Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарларынын мэрлерин, Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка, Талас облусунун Талас районунун Жергетал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 30-июнуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
