# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-июнундагы № 144 "Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-июнундагы № 144 "Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 144
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/30415>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1994/edition/831963/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/30415.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-июнундагы № 144 "Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө" токтому. (13.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/30415

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-июну № 144 Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 18-апрелиндеги жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) кайрылуусунун, Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүү жөнүндө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2017-жылдын 12-майындагы № 10 токтомунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренелеринин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Душебай кызы Айтолкун, Жаныбек кызы Алтынай, Бектемир кызы Акзыйнат, Кудайбердинов Касымбек Аканович, Алыбаева Махабат Бузурманкуловна - Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилсин.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
