Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө» токтому.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 2-июну № 129 2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө 2017-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 74 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү. Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Тоголок-Молдо айылдык кеңеши боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 1 шайлоо округу жана 1 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 2019 түзүп, анын ичинен 830 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 41,11%түзөт. Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке жиберилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 2-июнундагы № 129 токтомуна 1-тиркеме
2017-жылдын 28-майы КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО Нарын облусу, Ак-Талаа району, Тоголок-Молдо айылдык кеңеши (облустун, райондун, аймактын аталышы) Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө ПРОТОКОЛ Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктоо:
I. 2017-жылдын 28-майындагы Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын.
II. Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди жана № 1, 2 таблица түрүндө сунушталат. 11 мандаттуу Кара-Ой шайлоо округу боюнча № 1 таблица
№
Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте)
Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны
1
Акматов Нарынбек Жумагазиевич
471
2
Бегимкулова Гүлсара Айдаровна
252
3
Бугубаев Эркинбек Билалович
194
4
Жамансариев Аманбек Муканович
293
5
Иманов Нарынбек Ободоевич
321
6
Исмаилов Алмасбек Сатыбалдиевич
244
7
Кадышов Тимурлан Керимбекович
269
8
Казиев Руслан Алишерович
185
9
Качкынбаев Эдик Кеминбекович
195
10
Кулов Таалайбек Тобокелович
222
11
Кулубаев Алтыбай
235
12
Мамбетов Амантур Сапарбекович
317
13
Моңолов Таалайбек Сүйүналиевич
149
14
Осмонов Урмат Асанович
212
15
Өмүракунов Мирбек Абдласович
216
16
Сайнилов Жоодарбек Советбекович
150
17
Саргожоев Бактыбек Нурдинович
297
18
Сеитов Улан Жолдошбекович
158
19
Ташматов Мелисбек Аманжанович
265
20
Таялиев Айбек Асыкбаевич
326
21
Турганбаев Жыргалбай Камытович
112
22
Түрүкбаев Максатбек Сейиткожоевич
300
23
Чырмыев Айбек Жумабекович
197
24
Шамиев Бактыбек Жамадилович
302
25
БААРДЫГЫНА КАРШЫ
0
III. Шайлоонун натыйжалары төмөнкүдөй аныкталды: Шайлоонун натыйжалары боюнча Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттары болуп төмөнкү талапкерлер шайланды (№ 2 таблица). 11 мандаттуу Кара-Ой шайлоо округу боюнча № 2 таблица
№
Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты
Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны
1
Акматов Нарынбек Жумагазиевич
471
2
Таялиев Айбек Асыкбаевич
326
3
Иманов Нарынбек Ободоевич
321
4
Мамбетов Амантур Сапарбекович
317
5
Шамиев Бактыбек Жамадилович
302
6
Түрүкбаев Максатбек Сейиткожоевич
300
7
Саргожоев Бактыбек Нурдинович
297
8
Жамансариев Аманбек Муканович
293
9
Кадышов Тимурлан Керимбекович
269
10
Ташматов Мелисбек Аманжанович
265
11
Бегимкулова Гүлсара Айдаровна
252
Протокол 2017-жылдын 31-майында саат 12.30 мүнөттө түзүлдү.
Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы
У.Жылтыров
Катчысы
А.Илебаева
Мүчөлөрү
Б.Бексултанов
К.Сатымкулов
С.Кулманбетова
А.Узакбаева
У.Жангазиев
Ч.Жамадилов
Кылычбек уулу Н.
А.Секиев
К.Шыгаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Президентинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги ПЖ № 74 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин…Указ · 13.04.2017 · № 74 · Күчүн жоготкон