# Закон КР от 9 декабря 1999 года № 141 "Овнесении изменения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"

- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 09.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/304>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-290/edition/855357/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/304.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Закон КР от 9 декабря 1999 года № 141 "Овнесении изменения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики" (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/304

---

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

Бишкек шаары, 1999-жылдын 9-декабры № 141

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/304/st-1)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомостору, 1998-жыл, N 7, 229-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 61-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын: "(2) Алдын ала камоо сот тарабынан жазанын мөөнөтүнө кошулуп эсептелет. Мында алдын ала камоонуп бир күнү:

1) жатак-абагында кармоонун үч күнүнө;

2) жалпы, күчөтүлгөн же катуу тартиптеги түзөтүү жатагында, дициплинардик аскер бөлүгүндө кармоонун эки күнүнө;

3) өзгөчө тартиптеги түзөтүү жатагында, түрмөдө же камакта кармоонун бир күнүнө туура келет.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/304/st-2)

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

1999-жылдын 24-ноябрындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
