# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-майындагы № 108 "2017-жылдын 28-майындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-майындагы № 108 "2017-жылдын 28-майындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 108
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/30386>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1966/edition/831852/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/30386.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-майындагы № 108 "2017-жылдын 28-майындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө" токтому. (04.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/30386

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 4-майы № 108 2017-жылдын 28-майындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө маалымдоо боюнча Жумушчу топтун аккредитация жөнүндө сунушун эске алып, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 21-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2017-жылдын 28-майындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 1-тиркемеде көрсөтүлгөн массалык маалымдоо каражаттары аккредитациялансын.

2. "Эмгекке даңк" коомдук-саясий газетасын жалпыга маалымдоо каражаттары "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 20-пунктунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрынын № 151 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө" Жобосунун 2-пунктунун талаптарын аткарбагандыгы үчүн аккредитациялоодон баш тартылсын.

3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
