# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-майындагы № 103 "Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-майындагы № 103 "Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/30380>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1960/edition/831846/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/30380.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-майындагы № 103 "Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө" токтому. (04.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/30380

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 4-майы № 103 Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-октябрындагы жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) кайрылуусунун, Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүү жөнүндө жарандардын жыйынын протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренелеринин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Урмолдоева Гүлнара Барыктабасовна, Балбаева Надира Манасовна, Жунушалиева Жылдызхан Сагынбековна, Чады уулу Эрмек, Давлетов Үсөн Карыкеевич, Рыскулова Алия Насыралиевна, Касыгулова Марийна Аскаровна - Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилсин.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
