# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 99 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 16-февралындагы № 35 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө" Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 99 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 16-февралындагы № 35 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө" Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Редакциянын күнү: 26.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/30379>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/30379/edition/831874/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/30379.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 99 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 16-февралындагы № 35 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө" Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому. (26.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/30379

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 26-апрели № 99 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 16-февралындагы № 35 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө" Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Шайлоо процессин өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 29-мартындагы № 77 токтому менен бекитилген "Шайлоо процесстерин өркүндөтүү боюнча иш чаралар жөнүндө Планын" аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 16-февралындагы № 35 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө" Жобосуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин (тиркелет).

2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий сайттарына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
