Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 80 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-апрели № 90 "2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 80 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айылдык кеңешинин депутаттарынын жана тургундарынын кайрылууларын эске алып жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 80 токтомунун Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айылдык кеңешинин № 5 Бирлик-Сайдахматов шайлоо округунун чек аралары боюнча бөлүгүн төмөнкүдөй шайлоо округдарына бөлүү тууралуу өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Бирлик" шайлоо округу (УИК № 5353)
(Борбору: Араван айылы, М.Султанов көчөсү, А.Сайдахматов атындагы айылдык маданият үйүнүн имараты. Шайлоочулардын саны - 2392, 6 мандат. Чек арасы: Б.Айдаров (мурдагы Анжыян), Х.Файзуллаев көчөлөрүнүн эки тарабы "Бирлик" үрөнчүлүк чарбасына чейин М.Курбонов көчөсүнүн эки тарабы, М.Султонов көчөсүнүн эки тарабы, А.Сидиковдун үйүнөн баштап Токтогул көчөсү менен кесилишкен жерине чейин, Эгамбердиев көчөсүнүн эки тарабы Каримова Манзурахандын үйүнөн баштап, Улукбек көчөсү Маткаримовдун үйүнөн баштап С.Шарипов мектебине чейин).
- "Сайдахматов" шайлоо округу (УИК № 5521)
(Борбору: Араван айылы Токтогул көчөсү, А.Сайдахматов атындагы орто мектебинин имараты Шайлоочулардын саны - 1855,4 мандат. Чек арасы: П.Каюмов (мурдагы Г.Гулом) көчөсү, Токтогул көчөсү жаңы чектер кошулуп Хасан Сидиков көчөсү, М.Султанов көчөсүнүн Токтогул көчөсүнүн кесилишкен жери менен эки тарабы жемиш бакчасына чейин, Сүткор участкасы, Эрка кашка участкасы).
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү оюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 80 "2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад…Постановление · 06.04.2017 · № 80
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98