# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2017 жылдын 3 августундагы № 320 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу" токтому.

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2017 жылдын 3 августундагы № 320 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 320
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/30331>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1914/edition/831734/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/30331.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2017 жылдын 3 августундагы № 320 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу" токтому. (03.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/30331

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017 жылдын 3 августу № 320 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө» Жобо бекитилсин.

2. «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу, тартиби жана жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө» 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 261 Жобо күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
