# Кыргыз республикаснын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2017 жылдын 14 июлундагы № 236 "Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчынын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: Кыргыз республикаснын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2017 жылдын 14 июлундагы № 236 "Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчынын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 236
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/30319>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1902/edition/831723/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/30319.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз республикаснын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2017 жылдын 14 июлундагы № 236 "Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчынын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому. (14.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/30319

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017 жылдын 14 июлу № 236 Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчынын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө 2017-жылдын 14-июлуна дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчынын кайра шайлоо депутаттардын кворуму жок болгондугуна байланыштуу өткөн жок. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчынын мурда көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча, кайра шайлоо 2017-жылдын 28-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Кемин аймактык шайлоо комиссиясы кайра шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарына А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
