# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндө" убактылуу жобону бекитүү тууралу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндө" убактылуу жобону бекитүү тууралу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5/3
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/303047>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-572/edition/852395/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/303047.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндө" убактылуу жобону бекитүү тууралу" токтому (26.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/303047

---

КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/2 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 5-февралы № 5/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндө" убактылуу жобону бекитүү тууралу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 4, 5 жана 34-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндө" убактылуу жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдыгулов
