Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө» жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 20-январы № 4/4 Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 43-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча Комитети жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобонун:
- 1.3-пунктунун:
- экинчи абзацындагы "Юридика башкармалыгынын начальниги" деген сөздөр "Юридика башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги" сөздөрүнө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
Комитеттин курамына кеңеш берүүчүнүн добушу менен Төраганын Комитеттин отурумдарында туруктуу катышкан кеңешчиси".
2. Юридика башкармалыгы:
- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялагандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине чагылдырылышы үчүн бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Д.Орозбаевага ыйгарылсын.
Төрагасынын милдетин аткаруучу
Н.Жениш
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" Жобосу (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын 2005-жылдын 19-мартындагы N 6/2 токтому…Положение · 19.03.2005 · № 6/2
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.