Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө « токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-03-13.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы №2019-П-07/10-1-(ДКП) токтомуна ылайык КУЧУН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 20-январы № 4/1 Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7, 22 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Камдык активдерде камтылуучу, коммерциялык банктардын банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак акча калдыктарынын өлчөмү алардын банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак акча калдыктарынын жалпы суммасынын 30 пайыз деңгээлинде белгиленсин.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Экономика башкармалыгы Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы менен биргеликте ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
5. Токтом 2016-жылдын 8-февралынан тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.
Төрагасынын милдетин аткаруучу
Н.Жениш
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомуна карата тиркеме
Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор
Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобонун:
- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана анда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) милдеттүү камдарды депондоштуруу боюнча банктарга карата талаптар белгиленип, милдеттүү камдардын өлчөмү, аларды эсептөө тартиби жана коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы тарабынан милдеттүү камдык талаптардын аткарылышы жана аларды сактабагандыгы үчүн санкциялар аныкталган.";
- 1.2-пункттун үчүнчү абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Эсептик базага кирген милдеттенмелердин тизмеги жана валюталык түзүмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат.";
- 1.2-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Камдык активдер - бул, банктын банкоматтарындагы улуттук валютадагы каражаттардын жана Улуттук банктагы корреспонденттик эсептеги акча каражаттарынын нак калдыгынын суммасы.";
- 2.4-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
- 2.4-пункттун бешинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын;
- 2.6-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Эгерде базалык мезгил ичинде камдык активдер менен милдеттүү камдардын өлчөмү ортосундагы суммардык айырма оң чыкса же нөлгө барабар болсо, милдеттүү камдык талаптар аткарылган катары таанылат.";
- төмөнкү мазмундагы 2.9-пункт менен толукталсын:
"2.9. Камдык активдерде камтылуучу, коммерциялык банктардын банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак акча калдыктарынын өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын чечими менен аныкталат жана акча-кредит саясатынын максатында өзгөртүлүшү мүмкүн.";
- 3.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.1. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм суммасы Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген төлөм ченинин жана базалык мезгил ичинде банктын камдык активдеринин суммасынын милдеттүү камдардан орточо күндүк терс четтөөсүнүн негизинде эсептелинет.";
- 3.2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Ос - камдык активдердин милдеттүү камдардан орточо күндүк четтөөсү;";
- 3.2.1-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.2.1. Улуттук банктагы корреспонденттик эсептеги милдеттүү камдардын көлөмүнүн күндөлүк минималдуу деңгээлин аткаруу талабы банк тарабынан сакталбаса, милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн банкка карата күндөлүк терс четтөө суммасынан Улуттук банктын үч эселенген эсептик чен өлчөмүндө төлөм чегерилет.";
- төмөнкү мазмундагы 3.2.2-пунктча менен толукталсын:
"3.2.2. Банк тарабынан банкоматтардагы улуттук валютадагы нак калдыктар боюнча такталбаган маалыматтар берилген учурда, банкоматтардагы улуттук валютадагы нак калдыктарды эсепке алуусуз, базалык мезгилдин башталышынан бери милдеттүү камдардын көлөмү кайрадан эсептелинет жана кемчиликтер аныкталгандан кийинки бир жыл ичинде банкоматтардагы улуттук валютадагы нак калдыктар милдеттүү камдык талаптардын сакталышын эсептөөдө эске алынбайт. Милдеттүү камдык талаптардын көлөмүнүн минималдуу деңгээли сакталбаган шартта ушул жобонун 3.2-пунктунун 3.2.1-пунктчасына ылайык айыптык санкциялар колдонулат.";
- жобого карата 1 жана 2-тиркемелер төмөнкү редакцияда берилсин:
"Улуттук банк Башкармасынын ____-жылдын __-________ № ___ токтому менен бекитилген, "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобого карата 1-тиркеме
________ дан ________ чейинки мезгил үчүн милдеттүү камдардын эсеби _____________________________________________________ (коммерциялык банктын аталышы)
Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун 36-формасы боюнча калдык
Милдеттенмелер
Эсептешүү (күндөлүк) эсептер
Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер
Мөөнөттүү депозиттер
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын эсептери жана депозиттери
Эсептешүү базасы (1+2+3+4)
Милдеттүү камдар(*)
1
2
3
4
5
6
1 күн
х
2 күн
х
3 күн
х
-
х
28 күн
х
Базалык мезгил үчүн орточо
Эскертүү: (*) Милдеттүү камдар ушул Жобонун 2.4-пунктуна ылайык эсептелет. Боёлгон (х) ячейка толтурулбайт. Коммерциялык банктын жетекчисинин кол тамгасы Мөөр
"Улуттук банк Башкармасынын ____-жылдын __-________ № ___ токтому менен бекитилген, "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобого карата 2-тиркеме
Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөмдөрдү эсептөө мисалы (сом)
№ п.п.
Отчеттук мезгил
Улуттук банктагы корреспонденттик эсеп (К)
Банкоматтардагы каражаттардын калдыктары (Б)
Камдык активдер (А)
Милдеттүү камдар (Р)
Милдеттүү камдардан четтөөлөр (А-Р)
Милдеттүү камдык талаптардын минималдуу өлчөмү (Р * Морт)
Минималдуу милдеттүү камдардан четтөөлөр (Ом)
1
2
3
4
5
5
6
7
8
1
16.11.2015
203160090
10878518
214038609
225447841
-11409232
202903057
257033
2
17.11.2015
214138964
11206088
225345052
225447841
-102789
202903057
1235907
3
18.11.2015
203200990
10442355
213643345
225447841
-11804496
202903057
297933
4
19.11.2015
222755618
10905123
233660741
225447841
8212900
202903057
19852561
5
20.11.2015
223011849
10142294
233154143
225447841
7706301
202903057
20108792
6
21.11.2015
204036849
10754110
214790959
225447841
-10656882
202903057
1133792
7
22.11.2015
218011849
9878518
227890367
225447841
2442526
202903057
15108792
8
23.11.2015
203731782
11032658
214764439
225447841
-10683402
202903057
828725
9
24.11.2015
203421817
10275835
213697652
225447841
-11750189
202903057
518760
10
25.11.2015
225723793
8155325
233879118
225447841
8431277
202903057
22820736
11
26.11.2015
270361873
9431752
279793626
225447841
54345785
202903057
67458816
12
27.11.2015
226816333
10284718
237171051
225447841
11723210
202903057
23983276
13
28.11.2015
226886333
10713172
237599505
225447841
12151664
202903057
23983276
14
29.11.2015
203009349
11085433
214094782
225447841
-11353059
202903057
106292
15
30.11.2015
100200100
10943715
111143815
225447841
-114304026
202903057
-102702957
16
01.12.2015
202976564
10513273
213489837
225447841
-11958004
202903057
73507
17
02.12.2015
204302185
9023676
213325861
225447841
-12121980
202903057
1399128
18
03.12.2015
204526117
10283674
214809791
225447841
-10638050
202903057
1623060
19
04.12.2015
203245032
10971139
214216171
225447841
-11231670
202903057
341975
20
05.12.2015
203245032
11461437
214706470
225447841
-10741372
202903057
341975
21
06.12.2015
203245032
11791321
215036353
225447841
-10411488
202903057
341975
22
07.12.2015
204341146
12312678
216653824
225447841
-8794017
202903057
1438089
23
08.12.2015
203602026
10957213
214559240
225447841
-10888602
202903057
698969
24
09.12.2015
230701404
10734620
241436024
225447841
15988182
202903057
27798347
25
10.12.2015
218150573
10512965
228663538
225447841
3215697
202903057
15247516
26
11.12.2015
217823064
11065413
228888477
225447841
3440636
202903057
14920007
27
12.12.2015
214572618
11332681
225905300
225447841
457459
202903057
11669561
28
13.12.2015
204072618
10991834
215064452
225447841
-10383389
202903057
1169561
Жыйынтыгында
-151117012
Орто күндүк четтөөсү (Ос)
-5397036
Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм (Пн)
125931
85586
Милдеттүү камдардан четтөө эсебинин формуласы: О = А - Р, мында А - банктардын камдык активдери; Р - милдеттүү камдар. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөмдү эсептөө формуласы: Пн = Ос*Сп/100/360*Д, мында Пн - милдеттүү камдарды сактабагандыгы үчүн төлөм; Ос - милдеттүү камдардан камдык активдердин эсебинен орто күндүк четтөөсү; Сп - милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм чени (мында 10 пайыз); Д - базалык мезгилде календарлык күндөрдүн саны (учурда 28 күн). Милдеттүү камдардын минималдуу көлөмүнөн четтөөнүн эсебинин формуласы: Ом = А - Р * Морт, мында К - Улуттук банктагы корреспонденттик эсеби; Р - милдеттүү камдар; Морт - милдеттүү камдардын көлөмүнөн минималдуу деңгээл (учурда 90 пайыз). Милдеттүү камдык талаптардын минималдуу деңгээлин сактабагандыгы үчүн төлөмдү эсептөө формуласы: Пн = Ом*Сп/100/360*Д, мында Пн - милдеттүү камдарды сактабагандыгы үчүн төлөм; Ом - милдеттүү камдардын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен күндөлүк четтөөсү; СП - милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм чени (учурда 10 пайыз); Д - милдеттүү камдык талаптардын минималдуу көлөмү сакталбаган күндөрүнүн саны. Маалымат үчүн: Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм чени Улуттук банктын эсептик ченинин базалык мезгил үчүн орточо үч эселенген өлчөмдө белгиленет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуПостановление · 13.03.2019 · № 2019-П-07/10-1-(ДКП)
- "Милдеттүү резервдер жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 токтому менен бекитилген) ЖОБОПоложение · 19.03.2010 · № 8/2 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуПостановление · 13.03.2019 · № 2019-П-07/10-1-(ДКП)
- "Милдеттүү резервдер жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 токтому менен бекитилген) ЖОБОПоложение · 19.03.2010 · № 8/2 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 " "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтому"Постановление · 19.03.2010 · № 8/2 · Күчүн жоготкон