# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 93 "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 93 "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/303031>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22613/edition/1290404/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/303031.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 93 "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" токтому (18.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/303031

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 18-февралы № 93 Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын аймагында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (ББ ТР 021/2011), "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Сапаты жана коопсуздугу боюнча белгиленген талаптарга шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын алып салуу жана кайтарып алуу жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Сапаты жана коопсуздугу боюнча белгиленген талаптарга шайкеш келбеген кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-июлундагы № 407 "Сатууга жараксыз деп таанылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Сатууга жараксыз деп таанылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө жободо:

- преамбуласы "Бул Жобо" деген сөздөрдөн кийин "тамак-аш продукциясын жана тамак-аш сырьесун кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

- 18-пунктундагы "тамак-аш азыктарын, дары" деген сөздөр "дары" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"19. Калкка жана айлана-чөйрөгө коркунуч жаратышы мүмкүн болгон инфекциялуу продукцияны жок кылуунун алдында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана айыл чарба чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө зыянсыздандыруу керек.".

3. Иши ушул токтомду жүзөгө ашырууга байланышкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-февралындагы № 23 жарыяланды

Премьер-министр

М.Абылгазиев
