# КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 19-августундагы № 45/1 "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 19-августундагы № 45/1 "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 45/1
- Кабыл алынган күнү: 19.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/303022>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-557/edition/683714/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/303022.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 19-августундагы № 45/1 "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому (19.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/303022

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 19-августу № 45/1 "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 5, 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Юридика башкармалыгы:

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыялан күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдыгулов
