Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2017 жылдын 11 июлундагы № 219 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер У.Т.Кочкоровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө» токтому.
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017 жылдын 11 июлу № 219 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер У.Т.Кочкоровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер У.Т.Кочкоровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 19-пунктун, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер У.Т.Кочкоровдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:
-Эркебаев Адилет Маматеминович; -Кочкоров Асылбек Тойчубаевич; -Эрмаматова Сюита Эрмаматовна.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер У.Т.Кочкоровдун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Кубатова Алтынай Келдибаевна катталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер У.Т.Кочкоровдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү ырастамалар берилсин.
4. Бул токтом “ Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
А.Бекматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасыныни Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 7-декабрындагы № 2018-П-15/52-6-(НПА) "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1…Постановление · 07.12.2018 · № 2018-П-15/52-6-(НПА)