# КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 10-июнундагы № 31/1 "Банк-резидент эмес тарабынан өз филиалына капитал бөлүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 10-июнундагы № 31/1 "Банк-резидент эмес тарабынан өз филиалына капитал бөлүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31/1
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/303007>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-545/edition/651088/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/303007.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 10-июнундагы № 31/1 "Банк-резидент эмес тарабынан өз филиалына капитал бөлүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу" токтому (10.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/303007

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 10-июну № 31/1 “Банк-резидент эмес тарабынан өз филиалына капитал бөлүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Банк-резидент эмес тарабынан өз филиалына капитал бөлүү тартиби жөнүндө” жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 27-апрелиндеги № 12/8 “Банк-резидент эмес тарабынан өз филиалына капитал бөлүү тартибин” бекитүү жөнүндө” токтом күчүн жоготкон катары таанылсын.

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Юридика башкармалыгы:

- бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л. Орозбаевага ыйгарылсын.

Төраганын милдетин аткаруучу

Н. Жениш
