Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому
Кыргызской Республикисынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-январындагы №2018-П-14/2-6-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 15-апрели № 22/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү иши жөнүндө" мыйзамдарына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын:
- 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 42/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу;
- 2010-жылдын 26-майындагы № 36/8 "Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 42/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";
- 2011-жылдын 27-апрелиндеги № 26/1 "Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 42/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";
- 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/13 "Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 42/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";
- 2014-жылдын 26-мартындагы № 12/11 "Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 42/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө".
3. Юридика башкармалыгы:
- ушул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Төлөм системасы башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.
Төрагасынын милдетин аткаруучу
Н. Жениш
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө" жобо (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген)Положение · 15.04.2015 · № 22/4 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Положение "О Комитете по платежной системе Национального банка Кыргызской Республики" (утверждено постановлением Правления Национального банка Кыргызской Республики от 17 января…Положение · 17.01.2018 · № 2018-П-14/2-6-(ПС)
- Постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики "Об утверждении Положения "О Комитете по платежной системе Национального банка Кыргызской Республики" от 17…Постановление · 17.01.2018
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндөЗакон · 21.01.2015 · № 21
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө" жобо (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген)Положение · 15.04.2015 · № 22/4 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-февралындагы № 10/9 "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук…Постановление · 24.02.2016 · № 10/9 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 37/5 "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/4 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 14.09.2016 · № 37/5 · Күчүн жоготкон