# КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 "Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 "Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19/10
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302994>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-537/edition/1048529/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302994.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 "Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу" токтому (30.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302994

---

КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 25-марты № 19/10 Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө”, ”Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү иши жөнүндө” мыйзамдарга таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган «Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө” жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын.

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Төлөм системасы башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, төлөм системасы операторлорун жана төлөм уюмдарын, республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.

5. “Төлөм системасынын оператору” жана “Төлөм уюму” аныктамасында камтылган юридикалык жактар ушул токтом күчүнө киргенден кийинки алты ай ичинде өз ишин ушул жобонун талаптарына ылайык келтиришсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж. Жеенбаевага ыйгарылсын.

Төраганын милдетин аткаруучу

Н. Жениш
