Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү тартиби жөнүндө» жобонун айрым пункттарынын аракетин токтотуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 30-марты № 20/2 "Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү тартиби жөнүндө" жобонун айрым пункттарынын аракетин токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз негизде лицензиясыз иш алып барып жаткан алмашуу бюролорунун ишине бөгөт коюунун жаңы жолдорун иштеп чыгуу жана түптөлгөн жагдайга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча Ведомство аралык жумушчу топтун сунуштарын карап көрүп, Улуттук банктын тиешелүү лицензиясыз нак чет өлкө валюталарын алмаштыруу операцияларын ишке ашырып жаткан субъекттердин санын кыскартуу аркылуу республиканын экономикасында көмүскө жүргүзүлүп жаткан иш чөйрөсүнө чек коюу максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 4, 7, 34 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 токтому менен бекитилген "Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү тартиби жөнүндө" жобонун 1-пунктунун 4-абзацын жана 9-пунктунун "з" пунтчасын колдонуу мөөнөтү, ушул токтом күчүнө киргенден тартып 3 (үч) ай мөөнөтүнө токтотулсун.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтү ичинде юридикалык жак тарабынан бир алмашуу бюросун ачуу учурунда жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасы 500000 (беш жүз миң) сомду түзөөрү белгиленсин.
3. Юридикалык башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен алмашуу бюролорун тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Орозбаевага ыйгарылсын.
Төраганын милдетин аткаруучу
Н. Жениш
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 " "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби…Постановление · 27.07.2011 · № 40/4
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.