Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө” нускоо тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 25-февралы № 13/11 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө” нускоо тууралуу Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө” нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы менен бирдикте өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларынын котировкаларынын Улуттук банктын расмий сайтында өз убагында жайгаштырылышын камсыздашсын.
5. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.
Төрага
Т. Абдыгулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтын жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө…Инструкция · 25.02.2015 · № 13/11
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2018-П-13/40-6-(НПА) "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/11 "Кыргыз…Постановление · 26.09.2018 · № 2018-П-13/40-6-(НПА)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2015–жылдын 4-мартындагы №14/1 "Улуттук банк Башкармасынын 2015–жылдын 25-февралындагы №13/11 ”Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан…Постановление · 04.03.2015 · № 14/1
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 11-октябрындагы № 2017-П-13/44-2-(НПА) "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/11 "Кыргыз…Постановление · 11.10.2017 · № 13/44-2
- "О внесении изменений в Постановление Правления НБКР "Об Инструкции по установлению Национальным банком Кыргызской Республики цены продажи и цены обратного выкупа аффинированных…Постановление · 11.10.2017 · № 2017-П-13/44-2-(НПА)
- "О внесении изменений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской Республики"Постановление · 12.04.2017 · № 15/5
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон