# КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-декабрындагы № 58/9 "Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-декабрындагы № 58/9 "Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 58/9
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302979>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-526/edition/605815/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302979.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-декабрындагы № 58/9 "Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу" токтому (24.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302979

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 24-декабры № 58/9 “Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, “Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө” мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган “Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Токтом расмий жарыялангандан отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.

5. Токтом күчүнө кирген учурда иштеп жаткан, “Төлөм системасынын оператору” жана “Төлөм уюму” аныктамасында камтылган юридикалык жактар төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмдарынын ишин жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн тиешелүү документтерди, ушул токтом күчүнө киргенден кийинки эки ай ичинде кароого сунуштоого милдеттүү.

6. Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишмердүүлүгүн лицензиялоо Төлөм системалар башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.

Төрага

Т. Абдыгулов
