# КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 50/2
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302969>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-516/edition/932589/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302969.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдору жөнүндө" токтому (13.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302969

---

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы №2019-П-07/10-1-(ДКП) токтомуна ылайык КУЧУН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 14-ноябры № 50/2 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдору жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 22 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сунушталган өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы №8/2 "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна киргизилсин.

2. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/12 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкө валютасында депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.

3. Юридика башкармалыгы:

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Экономика башкармалыгы бул токтом менен түзүмдүк бөлүмдөрдү жана коммерциялык банктарды тааныштырсын.

5. Токтом 2014-жылдын 18-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жеңиш мырзага жүктөлсүн.

Төрага үчүн Төраганын орун басары

Жениш Н.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_ №\_\_\_\_\_ токтомуна карата тиркеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы №8/2 "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобосун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жөнүндө

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы №8/2 "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобосун бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: Жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобонун:

- 2.2 - пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;

- 1 - тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин:

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын \_\_\_\_\_\_\_ №\_\_\_\_токтому менен бекитилген, Милдеттүү резервдер боюнча жобосуна 1-Тиркеме

\_\_\_\_\_\_\_\_дан\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ чейинки

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(коммерциялык банктын аталышы)

Милдеттери

ПРБОнун 36 формасын калганы

Базалык мезгилине карата ортосу

1 күн

2 күн

…

28 күн

1

Эсептешүү (күндөлүк) эсептер

2

Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер

3

Мөөнөтүү депозиттер

4

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын эсептери жана депозиттери

5

Расчеттук база (1+2+3+4)

6

Милдетүү резервдер\*

Эскертүү\*: Негизги Жобосун 2.4. пунктка ылайык милдеттүү резервдер эсептелинет Сырдалган ячейкалар толтурулбайт
